Коом
Тажикстандын Коргоо министрлигинин делегациясы Бишкекке келди

Кечээ, 26-ноябрда Бишкек шаарына Тажикстандын коргоо министри, генераллейтенант Эмомали Собирзода баштаган делегация келди.
Аэропорттон делегацияны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Меймандар Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышат. Ошондой эле Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтүп жатат.



