Коом

Сариев өлкөнүн экономикалык жакшы көрсөткүчтөрүн «жасалма» дегендерге жооп берди

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев өлкөнүн экономикалык жакшы көрсөткүчтөрүн «жасалма» деп эсептегендерге жооп берди.

«Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, экономика 10,2 пайызга өстү. «Кумтөрдү» эсепке албаганда 11%га жогорулады. Кээ бир скептиктерге айтарым, мындай көрсөткүчтөр эл аралык стандарттарга жооп берет. Дүйнөлүк валюталык фонд менен Дүйнөлүк банк мунун аныктыгын тааныйт», — деди Сариев.

Мындай пикирин «Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес» форумунда сүйлөдү.

Сариев конкреттүү долбоорлорго токтолуп, алардын эң маанилүүсү «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу экенин белгиледи. Бул Кыргызстанга транзиттик өлкө болууга мүмкүндүк берүүчү эң ири инвестициялык долбоор.

«Экинчиси, Камбар-Ата-1 суу сактагычы менен эң ири ГЭСтин курулушу. Бул биздин эбегейсиз потенциалыбызды көрсөтөт, бул келечекте инвестиция тартууга шарт түзгөн негизги байлык болот. Анткени бизде электр энергиясы жетиштүү болот, экинчи жагынан коңшулар менен тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button