Өлкөдө көмүскө экономика 20 пайызга чейин кыскарды

Кыргызстанда көмүскө экономика 20 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Ала-Тоо LIVE” берүүсүндө берген маегинде айтты.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандын экономикасына эл аралык уюмдар абдан таң калып жана суктанып жатышат. Дээрлик эки эсеге биз көмүскө экономиканы ачыкка чыгардык. Буга чейин салыкты 80-90 млрд сом чогултуп жүргөн болсок, учурда дээрлик 300 млрд сомго чыгып жатат.
“Бул эмнеден улам болду? Биринчи кезекте салыктык жол-жоболорду күчөтүү жана санариптештирүү көмүскө экономиканы кыскартууга өбөлгө түздү жана салыктык түшүүлөрдүн планынын ашыкча аткарылышын камсыз кылды. Биз салык мыйзамдарын башкарууну жакшыртуу максатында атайын Салык кодексине бир нече жаңы өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнес үчүн патенттик салык салуу системасы кеңейтилди жана өркүндөтүлдү. Ишкерлерге базарларда жана чакан соода түйүндөрүндө иш жүргүзүүнү кыйла жеңилдеткен ыңгайлуу салык төлөөгө тандоо укугу берилди”,- деп белгиледи ал.
Ал ошондой эле жыл башында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан схемаларды аныктоо боюнча аналитикалык топ түзүлгөнүн белгиледи.
“Укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу көмүскө экономикага жана коррупцияга каршы күрөштү күчөттү”,- деди ал.



