Пайдалуу кеңештер

Жаңы жылдык дасторкондо ашыкча тамактануудан сактануунун жолдорун сунуштайбыз

Дарыгер-терапевт Елизавета Лобанова Жаңы жылдык дасторкондо ашыкча тамактануудан сактануунун жолдорун айтып берди.

Анын айтымында, адегенде дасторконду карап чыгып, чындап эле табитиңизди ачкан үч-төрт тамакты ичинен белгилеп алуу керек. «Ошолорго көңүлүңүздү топтоңуз», — деп кеңеш берди Лобанова. Эгер кимдир бирөө башка тамакты да даамын татып көрүүнү өжөрлүк менен сунуштаса, сылык түрдө баш тартууга болот.

Мындан тышкары, дарыгер дасторконго отурардан мурда жеңил тамак жеп алууну да маанилүү деп эсептейт.

Анын сөзүнө караганда, бир порция быштак, бир ууч жаңгак, банан же йогурт жеп алуу катуу ачкалыктан жана ашыкча тамактануудан сактайт.

Ошондой эле Лобанова дасторкондо көбүрөөк баарлашып, тамак ичип жатканда телевизор көрбөөнү жана телефон колдонбоону, жай жеп, активдүү тыныгууларды жасоону сунуштады. Ал таза абага чыгып келүү, бийлөө же кыймылдуу оюндарды ойноо да пайдалуу экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button