Маданият

Бишкек мэриясы калаа тургундарын концертке чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдында жагымдуу музыкалык кеч өткөрүүгө чакырат.

Бүгүн, 26-декабрда, саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Кыргыз-Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли концерт берет. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.

Кеченин конокторун жылуу жана чыныгы майрамдык атмосфера күтөт: жандуу музыка, улуттук обондор, Жаңы жыл алдындагы маанай жана артисттердин жаркын өнөрлөрү. Бул үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен убакытты жагымдуу өткөрүп, эстеликке кооз сүрөткө түшүп, Жаңы жылдын жакындап калганын сезүүгө мыкты мүмкүнчүлүк.

Мэрия бардык каалоочуларды концертке келип, алдыдагы Жаңы жылдын кубанычын бөлүшүп, бул кечти майрамдык, жылуу жана достук маанайда өткөрүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button