Коом

Энергетиктер майрам күнү жана январь айындагы эс алуу күндөрү штатык режимде иштешет

Энергетиктер 31-декабрь – майрам күнү жана январь айындагы эс алуу күндөрү штатык режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта бардык райондук электр тармактарында ыкчам чыгуучу бригада жана жетекчиликтен бир адам кошулуп, нөөмөт уюштурулду.

Мындан тышкары, кандайдыр бир өчүрүү катталса, авариялык абалды тез арада калыбына келтирүү үчүн атайын техника жана нөөмөттүк унаалар даярдалган, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо төмөнкү номерлерине кайрылсаңыз болот: 1209, 105, оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp номер — 0702 001209.

Тектеш кабарлар

Back to top button