Коом

Ошто көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев убадасын аткарып, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын кызматкерлеринин айлык маянасын эки эсеге көтөрдү. Бул тууралуу муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Женишбек Токторбаев аэропортко алып баруучу жолдун боюнда көчөт отургузуу иштерине катышкан.

«Ал жерде болжол менен 300 дарак отургузулду. Мэр комбинаттын кызматкерлери менен жолугуп, айлык акыларын эки эсеге жогорулатуу тууралуу тапшырма бергенин айтты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында комбинат жаңы имаратка көчүп жаткан учурда Ош шаарынын мэри кызматкерлерге айлык маянаны көтөрүп, ипотекалык турак жай берүү боюнча убада берген.

Тектеш кабарлар

Back to top button