Коом
АКШда жол кырсыгына кабылган жаран менен Башкы консулдук байланышты

Тышкы иштер министрлиги АКШда жол кырсыгына айыпталып кармалган Б.Б.нын туугандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле Чикаго шаарындагы Башкы консулдук тарабынан жаран Б.Б.нын өзү менен байланыш түзүлдү.
Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө консулдук-укуктук консультация өткөрүлүп, андан аркы аракеттер боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Б.Б. кармалып турган акыркы жай такталган соң консулдук жолугушууну өткөрүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлеринин баруусун уюштуруу пландалууда.
ТИМ кырдаалга өзгөчө көз салып, жарандын туугандары менен байланышта болууда жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон консулдук-укуктук көмөктү көрсөтүүдө.



