Коом
Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектеп курулат

Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Долбоорго ылайык мектептин жалпы аянты — 5300,33 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты -1,08 гектар. 650 орундуу мектеп заманбап шарты менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат.
Белгилей кетсек, аймактын сейсмологиялык шартын эске алып, имараттын конструкциясын 9 баллдан жогору туруктуулукка ылайыктап күчөтүү каралган.
Ошондой эле жер кыртышынын татаалдыгынан улам 8,8 метр тереңдикке чейин жер казылып, пайдубалы өзгөчө ыкма менен бекемделет.




