Коом
Соң-Көлгө май-канат балыгынын 4 миллиондон ашык чабагы кое берилди

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, чабактар «Соң-Көл балык чарба» мамлекеттик ишканасы тарабынан коё берилди.
Иш-чара суудагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.



