Окуялар

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүргөн айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээси Назирбек Турдубаевдын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 28-сентябрында кылмыш иши боюнча өкүм чыгарылган. 1992-жылы туулган М.Х. аттуу айыпталуучуга мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилген.

Учурда өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салуу болуп, анын 33 жаштагы ээси каза болгон. Окуя 24-май күнү кечинде Амир-Тимур көчөсүндө болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кол салган адам акча алмаштыруучу жайдын ээсине бычак менен жаракат келтирип, андан соң акчаны алып кеткен. Жабырлануучу ооруканада операция учурунда каза болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button