Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда 27-октябрда электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт·саатка жетти. Бул күз мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Компаниянын маалыматына караганда, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө 16 млн 449 миң кВт·саатка көбөйгөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын 27-октябрында суткалык керектөө 47 млн 869 миң кВт·саатты түзгөн.
НЭСКтин маалыматына ылайык, электр энергиясын керектөөнүн суткасына 66 млн кВт·сааттан ашышы адатта жылдын эң суук айларынын бири болгон декабрга мүнөздүү. Бирок быйыл октябрь айында эле электр тармагына түшкөн жүк кыштын чилдесиндеги деңгээлге жакындады.
Керектөөнүн өсүшүнө негизги себеп катары аба ырайынын кескин суукташы жана электр жылытуучу шаймандарды колдонуу көбөйгөнү айтылды. Бул электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга күч келтирүүдө.
НЭСК электр тармактарынын абалын жана жүктөмдүн жогору шартындагы ишин күнү-түнү көзөмөлдөп жатат.
Ушуга байланыштуу компания керектөөчүлөрдү электр энергиясын, өзгөчө эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм учурунда, үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ошондой эле кубаттуулугу жогору электр шаймандарын бир убакта эмес, кезеги менен колдонуу сунушталды.



