Саясат

Марлен Маматалиев баштаган делегация Япониянын парламентинде болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация 27-октябрда Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында кыргыз делегациясына Япония парламентинин эки палатасынын бири болгон Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Депутаттар мыйзам чыгаруу иштеринин өзгөчөлүктөрү, жарандардын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу механизмдери, ошондой эле парламенттик талкууларды өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору менен таанышышты.

Делегациянын курамында Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Гүлнара Акимбаева, Ырысбек Атажанов, Жаныбек Аматов, Мирлан Жээнчороев, Венера Салямова, Үмбөталы Кыдыралиев, Рустамбек Советбек уулу, Айсаракан Абдиева, Токтобүбү Ашимбаева, Бурул Аманова, Жайлообай Нышанов, Жамиля Исаева, Айгүл Карабекова, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Максат Алымбеков, Эрулан Кокулов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу болушту.

Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышуу менен Жогорку Кеңештин делегациясынын Японияга болгон расмий иш сапары жыйынтыкталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button