Коом

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат

Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” санариптик технологиялык системасы жөнүндө жобосунда айтылат.

Маалыматка ылайык, балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:

  • биринчи этап – 1-апрелинде саат 10:00дөн тартып жүргүзүлөт:

жашаган жери боюнча тиешелүү жалпы билим берүү уюмунун микроучастогунда каттоосу (пропискасы) бар балдарды кабыл алуу;

  • экинчи этап – 1-июнда саат 10:00дөн тартып башталат:

жашаган жери боюнча микроучастокто каттоосу жок балдарды, тандалган жалпы билим берүү уюмунуна бош орундар болгон учурда.

2026-2027-окуу жылына 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар биринчи класска кабыл алынат.

8 жаштан улуу балдар же баланын же ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин тастыктаган документтери жок балдар мектепке балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Жободо белгиленгендей, балдарды 1-класска кабыл алууда КР мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button