Коом

Чүй облусунда 137 млн долларга цемент заводу курулат

Кыргызстанда Чүй облусунда цемент заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Документ 30-мартта КР Министрлер кабинети менен «ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Долбоор Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын аймагында суткасына 3,2 миң тонна клинкер өндүрө турган ишкананы курууну карайт.

Министрлер кабинетинин атынан келишимге Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров, ал эми компания тарабынан башкы директордун орун басары Хуа Цзяньфэй кол койду.

Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 137,6 миллион АКШ долларын түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button