Коом

ӨКМ: Сел жүрүп, көчкү түшүшү ыктымал

Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин жер-жерлердеги нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Мындан тышкары, дарыялардын нугунан чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) көчкү түшүшү ыктымал. Андан сырткары, күрткү жаралып, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Коопсуздук үчүн жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты сактап жүрүү сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button