Коом
Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.
Мындай чечим бүгүн Бишкектеги Sheraton Bishkek мейманканасында өткөн КФСтин кезексиз конгрессинде кабыл алынды.
Футбол союзунун маалыматына ылайык, Адылбек Касымалиев уюмдун президенттик кызматына жалгыз талапкер болуп, ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан шайланды.
Ошондой эле КФСтин аткаруу комитетинин мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Джохан Ералханов бир добуштан шайланышты.
Кыргыз футбол союзунун президентинин жана аткаруу комитетинин жаңы курамынын ыйгарым укуктары 2030-жылга чейин уланат.
Буга чейин бул кызматты Камчыбек Ташиев аркалап келген.



