Коом

ӨКМ өлкө аймагында сел жана нөшөрлүү жаан болорун эскертет

Кыргызстанда 19-майдан 23-майга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан катуу шамал жана туруксуз аба ырайы боюнча эскертүү жарыяланды.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында туруксуз аба ырайы болуп, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлүүдө.

Буга байланыштуу сел жүрүшү, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү мүмкүн.

Өлкө тургундары жана коноктору коопсуздук чараларын сактоого, тоолуу аймактарда этият болууга жана дарыя жээктерине, сел жүрүүчү кооптуу тилкелерге жакын эс алуудан алыс болууга чакырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button