Коом
Кытайлык дарыгерлер 1,5 миңден ашуун кыргызстандыкка катарактаны дарылоодо жардам көрсөтүштү

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Улуттук госпиталда кытайлык адистердин «Ден соолук экспресси — жаркын саякат» долбоорунун алкагындагы гуманитардык офтальмологиялык миссиясы аяктады.
Кытайдан келген дарыгерлер Бишкекте катарактаны акысыз операция жолу менен алып салышты. Долбоор Кыргызстанда 2023-жылдан бери Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет.
Миссия квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүү, сокурлуктун алдын алуу жана саламаттык сактоо тармагындагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.



