Саясат
Президент кыргызстандыктарды БУУдагы тарыхый жеңиш менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктады.
“Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!” — деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.
Өлкө Азия-Тынч океан тобунун атынан катышып, бир орун үчүн Филиппин мамлекети менен ат салышты. Ортодогу тирешүү төрт раундга созулуп, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добушту топтоо менен тарыхый жеңишке жетишти.



