Токаев Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана боордош кыргыз элин өлкөнүн 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
«Бул Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ болгон маанилүү окуя. Бул Кыргызстан эл аралык аренада жогорку абройго ээ экенин жана өлкө президентинин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан конструктивдүү жана жаратуучу тышкы саясаттын жемиши экенин тастыктады.
Казакстан Кыргызстан талапкерлигин ырааттуу түрдө колдоп келген жана бул жооптуу миссияны аткарууда мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ишинде ийгиликтерди жана жемиштүү кызмат каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө эл аралык уюмдун эң негизги органдарынын биринин курамында 2027–2028-жылдары иш алып барат.



