Саясат
Марлен Маматалиев мурдагы төрагаларга төш белгилерди ыйгарды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентин ар кайсы жылдары жетектеген экс-спикерлер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарган.
«Жолугушуунун катышуучулары жүргүзүлүп жаткан жана алдыда пландалган реформаларды кубаттай тургандыктарын билдиришип, Маматалиевдин парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында жасап жаткан иштерине ийгиликтерди каалашты,»- деп айтылат маалыматта.



