«Бишкек Арена» стадионунда өрт чыкканы тууралуу маалымат төгүндөлдү

Президенттин Иш башкармалыгы курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадионунун аймагында өрт чыкканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, объекттин жер төлөсүндө ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Иш учурунда учкундар боёк жана курулуш материалдарына тийип, натыйжада кыска мөөнөттүү түтүн пайда болгон.
Иш башкармалыгынын билдиришинче, өрттөнүү же ачык жалын катталган эмес.
Ошондой эле катуу шамалдан улам түтүн сырттан көбүрөөк көрүнүп, объектте өрт чыккандай таасир жаралышы мүмкүн болгону белгиленди.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, түтүндү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн.
Мекеменин маалыматына ылайык, кырдаал толугу менен көзөмөлдө болуп, объектке жана жумушчуларга эч кандай коркунуч жараткан эмес.
Учурда стадиондогу курулуш иштери штаттык режимде улантылууда.



