Окуялар
УКМК трансулуттук баңги топту жок кылып, эл аралык баңгизат ташуу каналын бөгөттөдү

УКМК эл аралык баңгизаттарды транзиттик ташуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ооганстан – Тажикстан – Кыргызстан багыты аркылуу, андан ары КМШ өлкөлөрүнө баңгизат ташууну уюштурган трансулуттук баңги топту жок кылды.

Тактап айтканда, ички көзөмөлдөнгөн жеткирүү ыкмасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жараны К.У.Б. кармалды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн ири көлөмдөгү гашиш баңгизаты алынды.


Учурда кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын аныктоо максатында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




