Окуялар

Зыян 16 млн сом. Кыргызгидрометте бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды

Кыргызгидрометте бюджеттик каражаттарды 16 млн сом өлчөмүндө уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик гидрометеорология кызматында бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө уурдоо боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын мурда иштен кеткен кызматкерлерге жана айрым учурда азыркы учурда иштеп жаткан кызматкерлерге да которуп келишкени аныкталды. Бул төлөмдөр аларга тиешелүү болгон суммадан бир топ жогору болгон.

Кылмыштуу схема жашыруун уюштурулуп, анын катышуучуларына узак убакыт бою мамлекеттик бюджеттин каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө — 16 миллион сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button