Коом

«Манас» аэропортуна баруучу жол оңдолот: кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт

23-июндан 1-июлга чейин Манас эл аралык аэропорту тарапка баруучу жолдо реконструкциянын биринчи этабы башталат. Буга байланыштуу транспорт кыймылынын схемасы убактылуу өзгөртүлөт.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсында билдиришкендей, оңдоо иштери аэропорттон Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсүнүн батыш тарабындагы 8 чакырымдык тилкеде жүргүзүлөт.

Жол толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштери этап-этабы менен аткарылат. Айрым тилкелерде жолдун бир тарабы убактылуу жабылып, эки багыттагы унаалардын кыймылы калган тилке аркылуу уюштурулат.

Айдоочулар жана аэропорттун жүргүнчүлөрү сапарларын алдын ала пландаштырып, жолго кошумча убакыт карап коюуга чакырылды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр аэропорт аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button