Коом

МИК мындан ары Бишкек, Ош шаарларында үй курбайт

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) мындан ары Бишкек, Ош шаарларында жана облустук борборлордо турак жай курбай турганын билдирди.

Анын айтымында, эми компания негизги көңүлдү айылдарда, райондук борборлордо жана чакан шаарларда турак жай курууга бурат.

«Билесиңер, биз Бишкекте, Ошто жана облустук борборлордо үйлөрдү куруп жатканбыз. Бирок эми ал жактарда курулушту токтотуп, айылдарга, райондук борборлорго жана чакан шаарларга өтөбүз. Айылдарда кезекте турган адамдар көп, алардын чыдамы түгөнүп баратат», — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, аймактарда да жеткиликтүү турак жайга болгон суроо-талап жогору. Ошондуктан жарандарды батир жана үйлөр менен камсыз кылуу иштери ири шаарлардан тышкаркы аймактарда улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button