Президент балдардын смартфон колдонуусун чектөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров ата-энелерди балдардын смартфон колдонуусун чектөөгө жана алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы бул тууралуу Жумгал районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Жапаров өзүнүн неберелерине да смартфон карматууга тыюу салганын айтып, ата-энелер балдары менен ойноого жана сүйлөшүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгиледи.
Президенттин айтымында, азыркы тапта балдар мектептен келери менен телефонго үңүлүп, натыйжада үй-бүлөлүк жандуу баарлашуу азайып баратат. Мындан сырткары, ал өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кыргыздын тарыхын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын үйрөтүү маанилүү экенин белгиледи.
Бул жолугушууда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да сүйлөп, өлкөдөгү мектептердин ичинде окуучулардын смартфон колдонуусуна расмий түрдө тыюу салынганын дагы бир ирет эске салды.



