Коом

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

2026/27-окуу жылы Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу кабыл алынган.

Окуу программаларын жана окуу пландарын толук өздөштүрүү үчүн мектептердеги окуу процессине өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда:

Башталгыч класстар мурдагыдай эле беш күндүк окуу тартибинде билим алышат.

Жогорку класстардын окуучулары үчүн окуу жылы ичинде кошумча сегиз окуу ишембиси уюштурулат. Сабактар болжол менен айына бир жолу ишемби күнү өткөрүлөт.

Кайсы ишембилерде сабак өтүлөрү мугалимдердин жана ата-энелердин сунуштарын эске алуу менен аныкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button