Коом
27-августка карата аба ырайы

Бүгүн республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 30…35, Таласта 28…33, Ысык-Көл жеринде 20…25, Нарын өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37 градус ысыйт.
Абанын табы Бишкекте 32…34 градуска чейин жетет.



