Коом
ӨКМ көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Министрлик өрт коркунучун жараткан аракеттерден алыс болууну, сууда коопсуздук эрежелерин сактоону жана балдарды кароосуз калтырбоону эскертти.
«Ошондой эле тоого чыкканда аба ырайын эске алып, суу, баш кийим жана аптечка алып жүрүү сунушталат», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жаратылышта тазалыкты сактап, таштандыларды туш келди таштабоого чакырды.
Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 номерине кайрылуу керек. Куткаруучулар күнү-түнү кызмат өтөшөт.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.



