Коом
Нарын шаарында фасаддык курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкана ачылды

Нарын шаарында фасаддык курулуш материалдарын өндүрүүчү «Нарын Фасад» ишканасы ишин баштады. Ишкана Нарын мэриясы менен кытайлык ишкерлердин биргелешкен долбоору.
Өндүрүштө таштан заманбап фасаддык материалдар, анын ичинде полимердик желим, жаракага туруктуу желим, шыбак аралашмалары жана суюк мрамор чыгарылат.
Ишкананын суткалык өндүрүш кубаттуулугу 8 миңден 10 миң чарчы метрге чейин жетет. 100 жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.
Ишкананын негизги максаты — курулуш рыногун сапаттуу жана заманбап фасаддык материалдар менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү.



