Коом
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын расмий дизайны көрсөтүлдү

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алтын, күмүш жана коло медалдарынын расмий дизайнын тааныштырды.
Сыйлыктардын дизайны кыргыз элинин салттуу философиясынын негизинде иштелип чыккан. Ар бир медалдын борбордук бөлүгүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий логотиби жайгаштырылган.

Медалдар мелдештерде жеңишке жеткен жана байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга тапшырылат.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн спортчулар арыз беришкен. Оюндарга болжол менен 3 миң спортчу катышары күтүлүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, мелдештин программасына 42 спорт түрү киргизилген.



