Коом
Кыргызгидромет ысыкка байланыштуу шашылыш эскертүү таратты

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 28–29-июнда Чүй облусу, Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунун өрөөндүү аймактарында күндүз абанын температурасы 35…40 градуска чейин көтөрүлөт.
Мекеме мындай аптапта организмдин суусуздануу жана күн өтүп кетүү коркунучу жогору экенин эскертти.
Адистер жарандарды күндүн түз нурунан алыс болуп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.
Мындан тышкары, дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн жетиштүү көлөмдө сугаруу сунушталды.



