Өзбекстандан алып келинген 650 килограмм колбаса артка кайтарылды

Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы Ош облусунда жайгашкан «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына алып келинген 650 килограмм колбаса продукциясынын киргизилишине уруксат берилген жок. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жүктү текшерүү учурунда чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулушун аныкташкан. Тактап айтканда, продукцияда маркировка жок экени жана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленген.
Аныкталган бузуулардын негизинде жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Инспекторлор тиешелүү актыларды толтуруп, андан соң жүк «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл пункту аркылуу кайрадан Өзбекстан Республикасына кайтарылган.
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл чек ара аркылуу өтүп жаткан жаныбардан алынган продукциялардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкө аймагына ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарлардын киргизилишине жол бербөөгө багытталган.



