Окуялар
Кыргызстанда жыл башынан бери 283 сел кырсыгы катталды

Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коргоо жана координациялоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, сел кырсыктарынын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталган. Бул аймакта жалпысынан 89 сел жүргөн. Ош облусунда 83 сел кырсыгы катталса, Баткен, Нарын жана Талас облустарында да табигый кырсыктар көп болгон.
ӨКМ өкүлү өлкөдө сел коркунучу дагы эле сакталып турганын белгилеп, жарандарды аба ырайы тууралуу эскертүүлөргө көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
Эске салсак, 5-июнда сел суусуна кошулган баткак Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында бир нече автоунааны басып калып, кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгон.



