Коом

Өлкөгө кайтып келген мигранттарга комплекстүү колдоо көрсөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2026-2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйынга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы беш жылдык программанын бет ачары жасалып, анын максаттары, күтүлүүчү натыйжалары жана эмгек миграциясынан кайтып келген Кыргызстандын жарандарына комплекстүү колдоо көрсөтүү тутумун түзүү механизмдери тааныштырылды.

Ошондой эле талкууда эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Катышуучулар программаны натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун тыгыз, өз ара макулдашылган кызматташуусунун негизинде гана мүмкүн экендигин баса белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button