Саясат

Садыр Жапаров: Жергиликтүү көйгөйлөр жеринде ыкчам чечилиши керек

Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык кеңешмеде мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн аймактардагы өкүлдөрүнө, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик кызматтын негизги милдети жарандардын көйгөйлөрүн борбордук бийликке жеткирбей туруп, жеринде ыкчам жана натыйжалуу чечүү экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жол, ичүүчү суу, көчө жарыгы, жер маселелери сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр айыл өкмөттөрдүн жана жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилиши керек. Бирок иш жүзүндө бул маселелер айлап, жылдап чечилбей келет.

Садыр Жапаров жарандар мамлекеттик мекемелердин босогосун каккылап, арыз-даттануулар же социалдык тармактар аркылуу маселе көтөрүүгө аргасыз болбошу керектигин айтты. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер көйгөйлөрдү өздөрү аныктап, аларды ыкчам чечүүгө милдеттүү.

Президент Ош жана Нарын облустарына жасаган иш сапарларын эске салып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин 80–90 пайызы борбордук органдарга кайрылбастан эле жеринде чечилсе болмок экенин белгиледи.

«Көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат, ички жолдордун абалы, жер мамилелери, көчө жарыгы, муниципалдык кызматтар жана социалдык инфраструктура сыяктуу жергиликтүү деңгээлдеги маселелер болду. Алардын көбү бүгүн эмес, айрымдары айлар, жылдар, ал тургай ондогон жылдар бою чечилбей келе жатат», — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекеттик мекемелер жоопкерчиликти бири-бирине өткөрүп, маселелердин чечилишин создуктуруп жатканын сынга алып, мындай көрүнүштү жоюу зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button