Саясат
Максат Асаналиев УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Ал эми УКМК мурдагы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду


