Коом

1-июлга карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +23…+28, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.

Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр борбор калаада +28…+30 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Back to top button