Лицензия албаган таксисттер текшериле баштады

Бүгүнтөн баштап лицензиясыз таксисттерге айып салына баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда өлкө боюнча «Коомдук транспорт» деп аталган рейд жүрүүдө. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 23 миң сом дешти.»Жетишпей калгандар лицензия алуу үчүн дагы деле кайрыла берсе болот. Анткени лицензия берүү токтотулган жок», — деди ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков.
Ошондой эле ал буга чейин 20 миңден ашыгы лицензия алганын белгилеп, таксопарктын системасында уруксат кагазы жок айдоочулар бөгөттөлгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, жүргүнчү ташуучулар үчүн милдеттүү лицензиялоо талабы күчүнө киргенден кийин аларга башында 1-февралга чейин мөөнөт берилген. Бирок жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде бул мөөнөт 1-июлга жылдырылган.



