Коом

ЖОЖ жетекчилерине коюлган талаптар жеңилдетилди

Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлардын жетекчилерине коюлган квалификациялык талаптарды жөнөкөйлөттү. Бул тууралуу министр Гүлзат Исаматова «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин «улуттук» макамдагы ЖОЖдордун жетекчиси болуу үчүн илимдин доктору даражасы милдеттүү болсо, эми бул талап алынып салынды. Жетекчилик кызматка илимдин кандидаты же PhD доктору даражасы бар талапкерлер да дайындала алышат.

Министрдин белгилешинче, ЖОЖ жетекчилери биринчи кезекте күчтүү менеджер болушу керек. Анткени университет билим берүү менен гана чектелбестен, чарбалык иштерди, эл аралык кызматташтыкты, адистерди даярдоо стратегиясын жана каржылык туруктуулукту камсыздоону да камтыйт. Бул өзгөртүү жаш жана жөндөмдүү жетекчилерге мүмкүнчүлүк түзүү максатында кабыл алынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button