Коом

Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды өз аймагы аркылуу өткөрүүгө макул болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Номад ТВ» телеканалына Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кыргыз делегациясы Орусиянын өкмөт мүчөлөрү менен өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) тартыштыгына жол бербөө боюнча чараларды талкуулады.

Данияр Амангелдиев белгилегендей, орус тарап мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга КММ жеткирүү боюнча өз милдеттенмелерин аткарарын билдирген.

Ошондой эле күйүүчү май тартыштыгынын алдын алуу максатында, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн сатып алышы мүмкүн болгон күйүүчү майды Орусиянын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button