Окуялар

Селдин кесепетинен Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда министрликтин Жол экспулатациялор мекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жолдо этият болууга жана жооптуу кызматтардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button