Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы өзгөрбөйт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы мурдагы деңгээлде сакталат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өкмөт күйүүчү майдын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоо үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда күйүүчү майдын баасы, сапаты жана логистика маселелери да талкууланып жатат.
«Учурда бизге күйүүчү май ар кандай баада сунушталууда. Сатып алуу баасы жогоруласа да, ички рынокто тартыштык жаралбашы керек», — деди ал.
Анын айтымында, Министрлер кабинетинин чечими менен субсидиялоо механизми каралган. Эгер мунай компаниялары күйүүчү майды жогорураак баада сатып алууга аргасыз болсо, баалардын айырмасын мамлекет компенсациялайт.
Бул максатка керектүү каражаттар буга чейин эле бөлүнгөнү белгиленди.


