Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары ишин баштады

Бишкек жана Ош шаарларындагы экологиялык прокуратуралар ишин баштап, жер казынасын пайдалануу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, суу объектилерин коргоо жана экологиялык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөттү.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салык жана рекультивация төлөмдөрүнөн качуу фактылары аныкталып, анын негизинде мамлекеттин пайдасына 250 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү.
Ошондой эле мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары мамлекетке кайтарылды. Мындан тышкары, 400 гектардан ашык мөңгүлөрдүн сакталышы камсыздалып, мөңгүлөр жайгашкан жер тилкелерин жер казынасын пайдалануу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары токтотулду.
Экологиялык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу жарандар төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат:
Бишкек экологиялык прокуратурасы: +996 312 323 508, +996 555 758 677
Ош экологиялык прокуратурасы: +996 500 993 330, +996 552 547 647



