Коом

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн EDUGATE санарип платформасы ишке кирди

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкын жүргүзүү максатында EDUGATE аттуу бирдиктүү санарип платформа ишке киргизилди. Бул тууралуу брифингде Чет элдик студенттерди кабыл алуу борборунун директорунун орун басары Айзада Урумова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир жогорку окуу жайы чет элдик жарандарды өз алдынча кабыл алып, ар түрдүү документ формаларын жана байланыш каналдарын колдонуп келген. Мунун айынан абитуриенттер арыздарынын жүрүшүнө көз салууда кыйынчылыктарга туш болушкан.

Жаңы EDUGATE платформасы чет элдик абитуриенттерди кабыл алуунун бардык этаптарын бир системада жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Абитуриенттер онлайн катталып, документтерин жүктөп, окуу жайын жана адистигин тандап, кабыл алуу жана виза алуу процессинин жүрүшүн көзөмөлдөй алышат. Жалпы кабыл алуу процесси 18 этаптан турат.

Анын негизги этаптарына:

катталуу;

документтерди жүктөө;

университет жана адистик тандоо;

документтерди текшерүү;

маектешүү;

чакыруу алуу;

виза маселелерин чечүү;

Кыргызстанга келгенден кийин каттоодон өтүү жана медициналык камсыздандырууну тариздөө кирет.

Платформада абитуриенттер, университеттер, Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору жана мамлекеттик органдар үчүн өзүнчө жеке кабинеттер каралган.

Айзада Урумованын маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандардан 30 миңден ашуун арыз түшүп, алардын 29 миңден ашыгы окууга кабыл алынган. Учурда чет элдик студенттер өлкөдөгү 60тан ашуун университетте билим алып, алар дүйнөнүн 50–60 өлкөсүнөн келишкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button