Коом

Бишкек — Ош жолунда зыяндуу түтүн чыгарган айдоочуларга айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ноокен районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүштү.

Рейддин негизги максаты автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, абанын булганышын алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 15 унаа текшерилип, түтүн өлчөгүч аппараттын жардамы менен айрым автоунаалардын зыяндуу газдарынын көлөмү уруксат берилген чектен ашканы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында үч айдоочуга жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button