Коом
Жумгалда 2 тоннагажакын жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү

Жумгал районунун аймагында курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Нарын облустук милициясынын маалыматына караганда, анын жүрүшүндө район аймагынан табылган жалпы салмагы 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай белгиленген тартипте өрттөлүп, жок кылынды.
Мындай иш-чаралар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.



