Коом
18-июлга карата аба ырайы

Бүгүн абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 38…43, Таласта 35…40, Ысык-Көл жеринде 28…33, Нарын өрөөнүндө 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 38…43 градуска көтөрүлөт.
Бишкек шаарында 41…43 градуска чейин ысыйт.



